Кант шаарында жолугушуу болуп Президентинин Жарлыгы жеткирилди

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Бүгүн 2022-жылдын 15-март күнү Ысык-Ата районунун Кант шаарында жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу болуп өттү.

Аталган Иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Ажыбаев Айбек Жакшымбекович, Ысык-Ата РИИБдүн жетекчилиги, Кант шаарынын мэри Майлибашев Улан Бекболотович, жергиликтүү кеңештин төрагасы, квартал башчылары, аксакалдар, жергиликтүү кеңештин депутаттары ошондой эле шаар жашоочулары катышышты.

Жолгушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы кенен жеткирилди. Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары мындай түшүндүрүү иштери Чүй облусунун аймагында ИИОнун кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ошондой эле дин өкүлдөрү менен биргеликте тынымсыз жүргүзүлүп жатканын айтып, ысырапкерчиликтерди алдын алуу иштери жергиликтүү жашоочулар тарабынан да колдоого алынып жатканын кошумчалады. Кант шаарынын мэриясы тарабынан милиция кызматкерлери менен биргеликте бул багытта жумуштар жакшы жолго коюлганын шаар мэри белгилеп, шаар тургундарын бул Жарлыктын талаптарын колдоого чакырды.

Кант шаарынын акскалдары акыркы учурда тойлордо ашыкча чыгымдар көбөйүп кеткенин айтышып, айрыкча үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүү иш-чараларында кошумчаларды кошуу өзүнчө чоң маселе болуп келгенине токтолушту. Андай салтанаттар атаандашууга жол ачып, той өткөрүү же маркумду акыркы сапарга узатуу көптөгөн чыгымдар менен коштолуп келгенине күбө болуп келишкенин айтышып, ысырапкерчиликтерди токтотуу зарылдыгын билдиришти.

Президент тарабынан өз учурунда кабыл алынган Жарлык мүмкүнчүлүгү барына да мүмкүнчүлүгү жогуна бирдей иштесе, ысырапкерчиликтерге жол берилбесе, деген маанидеги пикирлерин жолгушуунун катышуучулары айтышып, эл арасында түшүндүрүү иштери жакшы жемишин берип жатканына токтолушту.

Ошондой эле Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн жетекчилиги тарабынан милициянын көчмө кабылдамасы менен Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу иштери жүргүзүлдү. Анда коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери болуп, кандайдыр бир шектүү иш-аракеттерше күбө болгон жарандар дароо ИИОго  кайрылуусу кылмыштуулуктарды алдын алууга өбөлгө болоору айтылды.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *