Кемин районунда “Арсенал” рейд иш-чарасы болуп өттү

 

Кемин районунун ИИБдүн коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан “Арсенал” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Рейд учурунда милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан 150 турак жайды үймө-үй кыдыруу иштери жүргүзүлдү. Анда мергенчилик менен алектенген 60 дан ашуун жарандардын ок атуучу куралдарды сактоонун эрежелери текшерилди.

Иш-чарада эрежелерди сактабаган жарандарга карта 10 административдик протокол толтурулган. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 133-беренеси (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) боюнча  6 протокол, 134-беренеси (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөттөрүн бузуу) боюнча 4 протокол толтурулган.

Учурда Кемин РИИБдүн кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу жана жергиликтүү жашоочулар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүү иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *