Кемин районунда профилактикалык иш-чаралар улантылууда

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Кемин РИИБдүн кызматкерленринин демилгеси менен 2022-жылдын 12-13-март күндөрү жаш балдар арасындагы тартип бузууларда жана башка мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо ошондой эле өспүрүмдөрдүн көчөлөрдө жүрүүсүн алдын алуу максатында “Өспүрүм-Түн” аталашындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарада милиция кызматкерлери тарабынан түнкүсүн коомдук жайлар, кафе-ресторандар, компьютердик клубдар жана башка жарандарга тейлөө көрсөтүүчү жайлар текшерилди. Анда ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок түнкүсүн жүргөн 5 өспүрүм аныкталган. Алардын ата-энелери чакыртылып, аларга балдарга ар дайым көзөмөл жүргүзүү зарылдыгы эскертилди.

Ошондой эле Кемин РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан буга чейин каттоодо турган 14 өспүрүм жана аз камсыз болгон 3 үй-бүлөлөр текшерилип алар менен алдын алуу багытындагы маектер жүргүзүлдү.

Ошондой эле Кемин РИИБдүн коомдук коопсуздук кызматы тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу жумуштары уюштурулуп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы жашоочуларга кенен жеткирилди. Бул Жарлыктын максаты ашыкча чыгымдарды кыскартууга багытталгандыктан, көпчүлүк жашоочулар тарабынан колдоого алынып, аны тартипке келтирүү үчүн мындай түшүндүрүү иштери ар дайым жүргүзүлүп туруусу зарылдыгы белгиленди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *