Майрам алдында Чүй облусунун ички иштер органдарында саптык кароо өткөрүлдү

Бүгүн, 2022-жылдын 18-март күнү Чүй облусундагы райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө Нооруз майрамынын алдында саптык кароо өткөрүлдү.

Анда Чүй ОИИББнын жетекчилиги кураторлук кылган ички иштер бөлүмдөрүндө саптык кароого катышышты. Жер-жерлерде өздүк курамдын күнүмдүк кийип жүрүүчү формалары текшерилип,  кесиптик деңгээлдерин жогорулатуу жана жарандар менен тыгыз иш алып баруу боюнча тапшырмалар коюлду. Иш-чарада КР ИИМдин жана Чүй ОИИББнын тиешелүү буйруктары тааныштырылды.

Сокулук РИИБдүн өздүк курамына өткөрүлгөн саптык кароого Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Айбек Ажыбаев, Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев, Сокулук РИИБдүн жетекчилиги жана өздүк курамы катышышты.

Өткөрүлгөн саптык кароодо, келе жаткан Нооруз майрамын өткөрүү учурунда жер-жерлерде коомдук коопсуздукту сактоо жана кылмыштуулукту алдын алуу ошондой эле жол кырсыктарына бөгөт коюу боюнча нускамалар өткөрүлдү. Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары А.Ажыбаев өздүк курамга  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жер-жерлерде жайылтуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүсү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле  милиция кызматкерлери өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып, жарандар үчүн ар дайым ачык болуусу жана өзүк курам ичинде мыйзамсыз иштерге жол бербөө боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин талаптары, буйруктары жеткирилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *