Москва жана Жайыл райондорунда милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

 

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери  тарабынан кылмыштуулукту жана тартип бузууларды алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

2022-жылдын 17-мартында Москва РИИБдүн коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу иштери болуп өттү. Анда алдамчылык кылмыштарынын курмандыгы болуп калбоо боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү. Жарандарга акча каражаттарын күмөндүү финансылык долбоорлорго салууда, аз убакыттын ичинде көп каражаттарга ээ болуу тууралуу кандайдыр бир сунуштарга дароо каржаттарды салбай, ал тууралуу тиешелүү адистерден кеңештерди алуу маанилүү экендиги айтылды. Иш-чар учурунда Москва РИИБдүн кызматкерлери тарабынан коомдук жайларга, соода түйүндөрүнө, турак жайларга кылмыштуулуктарды алдын алуу тууралуу эскертмелер таркатылды.

Ошондой эле Жайыл РИИБдүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдө ирээтсиз соода кылган жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жол боюндагы соода-сатык кылгандардан улам жолдордо авто тыгындарды пайда болуп жатканы айтылып, мындай көрүнүштөр жол кырсыктарынын катталышына себеп болоору айтылды. Мындан ары ирээтсиз соода жүргүзгөн жайларда тынымсыз алдын алуу иштери жүргүзүлөөрү айтылды.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *