Москва районунда кармалган жарандан баңгизаты алынган

2020-жылдын 17-февраль күнү Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери жанан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Москва районунун Петровка айылындагы жайгашкан №8 түзөтүү мекемесине баңгизатын ыргытууга аракет кылып жаткан жеринен эркек киши кармалып, кароо жүргүзүү учурунда жанынан 51,54 грамм “Гашиш” баңгизаты алынган. Текшерүү учурунда ал Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн буга чейин соттолгон 32 жаштагы К.Э.  экендиги такталган. Кармалган жаран Москва районунун ИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *