2021-жылдын 4-декабрында Москва РИИБүнө телефон чалуу болуп, болжол менен 40-45 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Алынган маалыматтын негизинде Москва РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ал 1981-жылы туулган А.А. аттуу жаран экендиги такталган.
Бул окуя РИИБү тарабынан каттылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында каза болгон жарандын муунтулгандыгы аныкталган.
Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган О.Б. жана 1979-жылы туулган Э.Ж. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.