Москва районунда уурулукка шектүү кармалды

 

2022-жылдын 6-март күнү Москва РИИБүнө 1987-жылы туулган Т.А., арыз менен кайрылып, 6-мартка караган түнү белгисиз адамдар анын сайрайынын бир баш уюн уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Н.Ж., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармочу жайга камакка алынган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан уурдалган бир баш уй табылып, арыз эсине тапшырылып берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *