Москва районунда “Өспүрүм-Түн” аталышындагы алдын алуу иш-чара өткөрүлдү

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды алын алуу максатында рейд иш-чаралары байма-бай өткөрүлүүдө.
Москва районунун ИИБдүн демилгеси менен жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды болтурбоо максатында 2022-жылдын 24-25-февраль күндөрү “Өспүрүм-Түн” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы болуп өттү.
Алдын алуу иш-чара учурунда коомдук жайлар, кафе-ресторандар, компьютердик клубдар, парк жана башка көңүл ачуучу жайларда текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Түнкүсүн ата-энесинин жана башка жакындарынын коштоосу жок жүргөн 2 өспүрүм бала аныкталып, Москва районунун ИИБнө жеткирилип, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Андан сырткары, буга чейин ИИОнун каттосунда турган 14 жаш өспүрүмдөр менен алдын алуу иштери жүргүзүлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр текшерилди.
Рейд иш-чарасынын жыйынтыгында Москва районунун ИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 8 материал балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлгөн. Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 1 жаш өспүрүм алдын алуу боюнча каттоого алынып, аз камсыз болгон 1 үй-бүлө аныкталган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *