“Офицердин жубайы” медалы тапшырылды

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөп ардактуу эс алууга чыккан ардагерлердин жубайларына жана көп жылдан бери милиция кызматында эмгектенип жаткан кызматкерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы үстүбүздөгү жылдан тарта тапшырылып баштады. Мындай иш-чара Чүй облусунун ИИББда дагы бир ирээт орун алды.

2019-жылдын 29-ноябрь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев ардагерлердин түгөйлөрүнө төш белгилерди тапшырды. Мындай сыйлыкка 18 айым ээ болуп, милиция кызматкерлердин жубайынын түйшүгү арбын болгонун белигилешип, бирок бүгүнкүдөй аларга карата көңүл бурулуп, сыйлыктар берилгени, жолдоштору сыймыктуу кызматта эмгектенгендигин далилдей турганын билдиришип, бүгүнкү күнү кызмат өтөп жатышкан жаш кызматкерлерди бөөдө кырсыктан алыс болуп, Кыргыз эли үчүн ак кызмат кылып, эл ишенимине ээ болууга тилектештиктерин билдиришти. Чүй облусунун ИИББнын башчысынын милдетин аткаруучу С.Асаналиев, сыйлык ээлерин куттуктап, ар бир кызматкерлердин артында чыдамдуу аялдары болгон үчүн аларга коюлган талаптар аткарылып, кыргыз милициясы өз милдетин жогорку деңгээлде аткарып жаткандыгын кошумчалады.

Учурда төрдүн көркү болуп турган ардагерлерибиз жаштыгын, өмүрүн, убактыларынын баарын коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн арнашып, ардактуу эс алууга чыккан соң да үйлөрүндө отура алышпай, ири иш-чараларда өз ара уюша калышып, жаш кызматкерлерге коомдук тартипти сактоодо жана коопсуздукту камсыздоодо өзгөчө дем күч беришип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп аны менен бирге кеп кеңештерин беришип келишет. Алар ар качан өлкөбүздүн өнүгүүсүнө ар тараптан өз салымдарын кошуп жатышкандыктары чындык.

 

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *