Чүй облусунда ИИОнун кызматкерлери жана дин өкүлдөрү Президенттин Жарлыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана ИИОнун кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды жергиликтүү жашоочуларга жеткирүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

2022-жылдын 4-мартында Чүй облсундагы райондук, шаардык ИИОнун жетекчилери, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар менен биргеликте Чүй облусундагы мечиттерде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы жеткирилди.

Облус аймагындагы мечиттерде жума намазга келген жашоочуларга милиция кызматкерлери тарабынан Президенттин Жарлыгынын максаттары түшүндүрүлдү. Анда буга чейин үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулуктарга жол берилип келсе, маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чаралары той сыяктуу өтүп көптөгөн чыгымга алып келгени жолугушууда айтылды. Мечиттердин имамдары диний эрежелерге токтолуп, ашыкча чыгымдар динге да каршы келээрин айтышты.

Жергиликтүү жашоочулар өз учурунда зарыл маалыматтар менен таанышып атышканын айтышып, жогорудагы Жарлыктын талаптарын колдоого алышаарын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *