Сокулук жана Жайыл райондорунда алдын алуу жумуштары жүргүзүлдү

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Сокулук РИИБдүн жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар менен биргеликте жергиликтүү жашоочулар менен жолгушууларды уюштурушту. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы жашоочуларга жеткирилди. Сокулук районунда жүргүзүлгөн тушүндүрүү иштери учурунда 4 айылда жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу жана жума намаздарында 20 дан ашуун алдын алуу багытындагы иш-чаралар өткөрүлдү.

Ушундай эле иш-чара Жайыл районунда да жүргүзүлүп, анда Жайыл районунун ИИБдүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан Президенттин Жарлыгынын талаптары жашоочуларга  жеткирилди.

Ошондой эле Жайыл РИИБдүн кызматкерлери тарабынан уурлук кылмыштарын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Коомдук жайларда жана транспорттордо уурлук кылмыштарына жол бербөө максатында соода-сатык жайларда, коомдук транспоттордун жана такси айдоочулары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Анда ИИОнун телефон номерлери жазылган эскертме кагаздары таркатылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *