Сокулук жана Панфилов райондорунда алдын алуу иштери жүргүзүлдү

 

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери  тарабынан кылмыштуулукту жана тартип бузууларды алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Сокулук РИИБдүн кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары жана дин өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын талаптары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жолгушууда ар бир үй-бүлөлүк салтанаттар болобу же маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чаралары болобу ашыкча чыгымдарга жол бербөө боюнча сунуштар айтылды. Ысырапкерчиликтерди болтурбоо үчүн чыгарылган Президенттин Жарлыгын көпчүлүк жашоочулар колдоого алышаарын айтышты.

Ушундай эле алдын алуу иштери Панфилов районунда да улантылды. Анда Панфилов РИИБдүн демилгеси менен жаштар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана аларды сергек жашоого үндөө максатында орто мектептин окуучулары арасында волейбол оюну боюнча турнир уюштурулду.

Мелдеште мектеп окуучулары өз жөндөмдөрүн корсөтүшүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *