Сокулук районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты

2020-жылдын 17-февраль күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 82 жаштагы жашоочу арыз менен кайрылып, 17-февралда анын үйүнө терезеси аркылуу белгисиз бирөөлөр киришип сыналгысын жана ноутбугун уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн автоунаасы такталып, көп өтпөй 24 жаштагы Д.Н., 20 жаштагы М.Д. жана 17 жаштагы А.Н. аттуу балдар шектүү катары кармалышкан. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө уурдалган буюмдарды Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүнүн бирине өткөрүп жиберген жеринен алынган.

Учурда кармалган шектүүлөрдүн экөөсү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, үчүнчүсүнө эч жака кетпөө чарасы колдонулган.

Кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *