Сокулук районунун аймагында 2022-жылдын 23-мартынан 25-мартына чейин «Үйсүз калган балдар» аттуу алдын алуу иш-чара өткөрүлдү.

 

Иш-чарага Сокулук РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөо кызматкерлери, билим берүү органдарынын, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында райондун аймагында жайгашкан коомдук жайлар, соода түйүндөр-6, интернет клубдар-6, коомдук тамактануу пункттары, унаа жуучу жайлар текшерилди.

Ар кандай мыйзам бузуулар үчүн РИИБге 6-жашы жете элек өспүрүм алынып келинип, жашы жете элек өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аныкталган башка материалдар боюнча үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө -2 материал жөнөтүлгөн.

Сокулук районунда аз камсыз болгон 38 үй-бүлө сурамжыланган.

Жашы жете элек 4 бала профилактикалык эсепке алынган. Мындан тышкары, Сокулук РИИБнин кызматкерлери жана Ново-Павловка №2 орто мектебинин кызматкерлери Маловодный айылындагы майыптар мектебине жана Военно-Антоновка атындагы балдар үйүнө гуманитардык жардам көрсөтүштү.

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

 

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *