Сокулук районун Жаңы-Жер айылында өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү

2022-жылдын 25-февраль күнү Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын орто мектебинде тегерек стол болуп өттү. Аталган иш-чарага Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, айыл аймактын башчысы, Төмөнкү-Чүй, Жаңы-Пахта жана Камышановка айылындагы мектеп директорлору, ата-энер комитети жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.

Жолугушууда өспүрүмдөр арасындагы тартип бузуулар тууралуу видео ролик көрсөтүлүп, балдар арасындагы мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча талкуулар жүргүзүлдү.

Өспүрүмдөргө туура тарбия берүү эң негизги маселердин бири болгондуктан алар менен жумуштарды жогорку деңгээлде жүргүзүү үчүн биргеликте жумуштарды алып баруу зарылдыгы белгиленди.

Тегерек столдо балдарды тарбиялоо, мыкты билим берүү жана алардын  ийгиликтерге жетүүсүнө туура багыттарды көрсөтүү боюнча иш-чаранын катышуучулары өз пикирлерин билдиришти. Иш-чарада жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу ошондой эле өспүрүмдөрдү профилактикалык каттоого алуунун түрлөрү жана алар менен иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн айтып өттү.

Жолугушуунун соңунда мындай тегерек столдорду байма-бай уюштуруу ошондой эле ага жогорку класстардын окуучуларын, ата-энелерди да катыштыруу жакшы жыйынтык берээри айтылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *