Сокулук РИИБнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учурда аялынын өлүмүнө шектүү деп 46-жаштагы жаран кармалды

 

2020-жылдын 12 февраль күнү Сокулук районунун аймактык ооруканасына тез жардам менен Сокулук айылынын 42-жаштагы М.О деген жаран денеси күйгөн абалда жеткирилгендиги, жана бир күндөн кийин жандандыруу бөлүмүнөн каза болгондугу  боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя боюнча чогултулган иш кагаздар Сокулук РИИбнүн КЖБРде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Керектүү экспертизалар дайындалган.

Сокулук РИИБнүн кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишин жана  ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учурда аталган кылмышка шектүү деп каза болгон аялдын 46-жаштагы М.А. жолдошу кармалган. Азыркы учурда КР КЖКнин 130-беренесинин негизинде кылмышка шектүү жөнүндө кабарлоо берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Окуя боюнча такталган маалымат боюнча, каргашалуу окуя күнү М.А. жолдошу обед учурда үйүнө келип аялына тамак жасап берүүсүн айтып, ал мас абалында болуп, аялы тамакты плитага жасап жатканын көрүп тезиреек жасабайсын деген күнөө коюп, пластикалык бутылканын ичинде жарымысынан болгон бензинди аялына чачып жиберет, тез жаса тамакты деп, плитаны көзөнөгүн күйгүзгөн убакытта өрт чыгып, аялынын денесин каптап күйүк жаракат алат. Тез жардам менен аймактык ооруканага алынып келип, алган жаракатынан бир күндөн кийин каза болот.

Сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.

Чүй ОИИББнын басма-сөз кызматы

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *