Токмок шаарында милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен алдын алуу жумуштарын жүргүзүшүүдө

Чүй облусунун аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартип сактоо жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишет.

Анын алкагында Токмок шаарындагы орто мектептердин биринде Токмок ШИИБдүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери болуп өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, үй башчылары, активдүү жарандар жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Иш-чара учурунда Токмок ШИИБдүн коомдук коопсуздук кызматы тарабынан аткарылып жаткан жумуштар тууралуу жергиликтүү жашоочуларга маалыматтар берилди. Жолугушууда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун түрлөрү  боюнча баяндамалар жасалып, зомбулуктарга жол бербөө жана аларды алдын алуу боюнча биргеликте иш алып баруу зарылдыгы айтылды.

Ошондой эле кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары жана башка мыйзамдар жергиликтүү жашоочуларга жеткирилди.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн маселелер тиешелүү кызматтар тарабынан көзөмөлгө алынып, айрым жарандардын кайрылууларына жеринде кеңештер берилди.

Мындай жергиликтүү жашоочулар менен болгон алдын алуу иш-чаралары Чүй облусунун баардык аймактарына жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *