Токмок шаарында тоноочулукка шектүү кармалды

2020-жылдын 11-январь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө, шаардагы көчөлөрдүн биринде тоноо фктысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Жогорудагы маалыматтын негизинде Токмок шаарынын ИИБдүн ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан төмөндөгүлөр аныкталган. Окуя болгон күнү болжол менен 25-30 жаш курактагы эркек бала жергиликтүү 31 жаштагы жашоочуга карата күч колдонуп, 5000 сом акчасын жана телефонун тартып алып из жарып кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 11 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн Токмок шаардык милиция кызматкерлери тарабынан бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, жыйынтыгында жогорудагы тоноочулукка шектелип, 30 жаштагы У.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *