Чүй облусунда “Бирдиктүү алдын алуу күнү” рейди өткөрүлдү

 

2020-жылдын 1 жана 2-декабрында Чүй облусунун аймагында “Бирдиктүү алдын алуу күнү” аттуу рейд жүргүзүлдү.

Иш-чарага облустук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, аймактык түзүмдөрдүн кызматкерлери, социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, Чүй районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Бул рейддин максаты – жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле жашы жете электерди балдар   эмгегинин эң начар түрлөрүнө тартууну жоюу, ошондой эле иштеген жана окубаган балдар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө соода-базар комплекстери-21, унаа жуучу жайлар-4, курулуп жаткан үйлөр жана имараттар-5, жана башка жашы жете электер чогула турган же иштей турган жерлер текшерилди.

Ошондой эле, жашаган жери боюнча райондук ички иштер бөлүмүндө каттоодо турган үй-бүлөлөр жана балдар текшерилди. Ата-энелер жана балдар менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү-18.

Белгилей кетсек, мындай рейддер үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө жүргүзүлүп турат.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *