Чүй облусунун ИИББда мамлекеттик туунун күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 2022-жылдын 3-март күнү Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектин күнү салтанаттуу белгиленди. Иш чарага Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович жана орун басарлары, ошондой эле өздүк курамдын кызматкерлери катышышты. Алгач Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу көтөрүлүп, гимни ойнолду.

Чүй ОИИББнын башчысы С.Асаналиев бүгүнкү иш-чаранын тарыхына токтолду. -Үстүбүздөгү жылы мамлекттик туунун кабыл алынганына 30 жыл толуп отурат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Советтин токтому менен бекитилген. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу экендигин айтып өттү.

Чүй облусунун ИИББда ар бир жумуш аптанын башында жана даталуу майрамдарда мамлекеттин туусу  көтөрүлүп, өлкө гимнин аткаруу салтка айланып келет.  Мындай иш-чаралар Кыргыз Республиксынын символдоруна аяр мамиле жасоо ошондой эле  кызматкерлерди өз эли-жерин сүйүүгө жана мекен үчүн ак кызмат кылууга тарбиялап келет.

Мамлекеттик туу күнүнө карата иш-чаралар Чүй облусунун баардык ИИОнун бөлүмдөрүндө салтанаттуу белгиленди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *