Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан 45 жаштагы жарандын үйүнөн тыюу салынган диний уюмдарга тиешелүү материалдар алынган

Чүй облсунун ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматынын кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын январь айынын аягында, Алмүдүн районунун жашоочусунун бири тыюу салынган экстремисттик маанидеги китептерди жана ок атуучу курал-жарак сакталгандыгы тууралуу ыкчам маалымат алынган. Бул маалымат кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча  катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан Пригородный айылындагы үйлөрдүн бирне тинтүү жүргүзүлүп, китептер, баракчалар, блокнот, дептер, ноутбук, тыюу салынгандиний  уюмдун пикири жазылган брошюралар жана «Хизб-ут-Тахрир» деген жазуусу бар  желек ошондой эле «Юнкер» автомат, «Леворвер РС-3» тапанча жана 9 даана бычак алынган. Үйдүн жашоочусу 45 жаштагы И.Р. мурда соттолгондугу такталган. Алынган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда кармалган 45 жаштагы И.Р. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *