Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери Красная-Речка айылындагы балдардын интернат-мектебине жардам көрсөтүп келишти

 

1-июнь “Балдарды коргоонун эл аралык күнү” Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери Красная- Речка айылында жайгашкан кароосуз калган балдардын интернат-мектебине жардам көрсөтүп келишти.

Ар майрам сайын Красная-Речка айылында жайгашкан интернат-мектептин тарбиялануучуларына Чүй облусунун ИИББнын өздүк курамы колдон келген жардамдарын көрсөтүп келишет. Бул жолу  балдардын кийимдери, азык-түлүктөр, жер-жемиштер жана таттуулар, андан сырткары акчалай жардам интернаттын директоруна тапшырылды.

Чүй облусунун ИИББнын кадрлар бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Э.Молдобеков жетекчиликтин жана өздүк курамдын атынан балдарды майрамы менен күттүктап, “ар бир баланын көздөрүнөн жанган кубанычтарын көрүү, сыймык экенин жана аларга камкордук кылып, кубаныч тартуулоо милдетибиз”-деп билдирди.

Андан сырткары бүт өмүрлөрүн балдарды тарбиялоого арнап, балдарга мээрим төгүп өстүрүп жаткан интернат-мектептин кызматкерлерине жылуу сөздөр айтылды. Мындагы тарбияланган балдардын келечеги үчүн алардын жашоодо туураа жолду тандап кетишине ИИОнун кызматкерлери өз салымдарын кошуп келишүүдө.

Майрам күнү балдардын маанайы жогору болгондуктан куттуктап келгендерге таланттуу балдар ыр ырдашып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *