Ысык-Ата районунда аккумулятор уурдоого шектүүлөр кармалышты

2022-жылдын март айында Ысык-Ата РИИБүнө жергиликтүү жашоочулардан үч арыз келип түшкөн. Анда жүк ташуучу автоунааларынын аккумуляторун белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып жатканын билдиришкен.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы уурулуктар көбүнчө түнкүсүн болуп жатканы аныкталып, келтирилген чыгым 90 миң сомду түзгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган Ш.Г., Д.Д. жана 2004-жылы туулган О.Д. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Кармалган жарандардын Ысык-Ата районунун аймагында 3 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *