Ысык-Ата районунда бир нече уурулук фактысына шектүү кармалды

Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында уурулук кылмыштарына шектелип 1982-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул боюнча Ысык-Ата РИИБүнө бир нече жаран арыз менен кайрылган. Анда автоунаа тетиктерин, темир түтүктөрүн, темир отургучтарын жана мүрзөдөгү темир отургучтарды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдиришкен.

Жогорудагы фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы жаран шектүү катары кармалып, анын дагы төрт кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *