ЖАҢЫЛЫКТАР

Сокулук районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу иштери жүргүзүлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 7-февралынан 18-февралга чейин жер-жерлерде жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу иш-чаралары өткөрүүдө. Анын алкагында милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктарды алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүшүүдө. 2022-жылдын 9-февралында Сокулук районунда да жолугушуу болуп өттү. Ага райондук мамлекеттик администрация башчысы, РИИБдүн жетекчилиги, жергиликтүү бийлик органдары жана жергиликтүү тургундар катышышты. Жолугушуу учурунда социалдык маселелер талкууланып, жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелер тиешелүү жеткчилер тарабынан …

Read More »

Панфилов районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты

Панфилов РИИБүнө Кайыңды шаарында жайгашкан жеке ишканалардын биринин өкүлү арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 7-февралында ишкананын аймагынан белгисиз бирөөлөр 1 тоннадай металлды уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты Панфилов РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Панфилов РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын …

Read More »

Маршруткадан телефон уурдоого шектүү кармалды

2022-жылдын 9-февраль күнү Аламүдүн районунун ИИБүнө Б.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, маршруткалардын биринен анын телефонун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 28 жаштагы К.Ж. аттуу …

Read More »

   Сокулук районунда тоноочулукка шектүүлөр кармалышты

Сокулук районунун ИИБүнө Романовка айылынын 47 жаштагы жашоочусу А.А. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 2-февраль күнү Военно-Антоновка айылынан анын 17 жаштагы баласы А.К.га бейтааныш адамдар күч колдонушуп, анын телефонун тартып алышып, автоунаага отурушуп, из жашырып кетишкенин билдирген. Бул факты Сокулук РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын …

Read More »

Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

  2022-жылдын 4-февраль күнү Жайыл районунун ИИБүнө Бишкек шаарынын жашоочусу Э.Э. аттуу аял телефон чалып, анын Кара-Балта шаарында жашаган 68- жаштагы апасы Э.Ж. бир нече күндөн бери байланышка чыкпай жатканын билдирген. Жогорудагы маалыматты текшерүү үчүн көрсөтүлгөн дарекке Жайыл РИИБдүн кызматкерлери чыгышкан. Милиция кызматкерлери барган учурда үйдө ал аял жок болгон, милиция кызматкерлери кошуналардан сураштырып үйлөрдүн эки жактарын караштырышкан. Издөө учурунда …

Read More »

Аламүдүн районунда жол эрежесин сактоо боюнча орто мектепте иш-чара өткөрүлдү

2022-жылдын 9-январында Аламүдүн районунун Ленин айылындагы В.И Ленин атындагы орто мектебинде Аламүдүн РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана Аламүдүн району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери биргеликте жол эрежелерин сактоо боюнча окуучуларга алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Башталгыч класстардын окуучуларына класс жетекчилеринин катышуусунда жол эрежелерин сактоо боюнча лекциялар окулуп, жол белгилери тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Мектеп окуучулары жол эрежелерине байланышкан суроолорун узатышып, жоопторун алышты. …

Read More »

Панфилов районунда жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу иштери улантылууда

2022-жылдын 9-февраль күнү Панфилов районунун Букара айылында жолугушуу болуп өттү. Аталган жолугушууга Панфилов райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, Панфилов РИИБдүн жетекчилиги, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана жергиликтүү тургундары катышышты. Алгач район аймагындагы көйгөйлүү маселердин бири болгон, эгиндерди суугару мезгилине чейин каналдарды тазалоо жана башка жумуштар боюнча көрүлүп жаткан даярдыктар жана башка аткарылып жаткан жумуштар айтылды. Ошондой эле Панфилов РИИБдүн жетекчилиги жергиликтүү …

Read More »

Чүй облусунда оор кылмышка шектелген жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринен ээси жок унаа табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ээси жок «Тойота Лэнд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү унаанын жанынан 100 метр аралыкта киши колдуу болуп өлтүрүлгөн (бир нече жолу бычактан алган жаракаттары менен) адамдын жансыз денеси табылганын аныкташкан. Милиция кызматкерлери өлгөн жарандын  өздүгүн аныктап, ал  Бишкек шаарынын тургуну 56 …

Read More »

Оор кылмыш боюнча издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусу Россия Федерациясынан экстрадицияланды

2014-жылы атайлап саламаттыкка анча оор эмес залал келтирүү жана киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренелеринин негизинде издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусу Россия Федерациясынан аймагынан кармалып, өз мекенине экстрадицияланды. Аламүдүн районунун ИИБүндө 1993-жылы туулган К.М. аттуу жаранга карата Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) жана 28-97-беренелери (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча издөө жарыяланып, ал тергөө жана …

Read More »

Токмок шаарында жүргүзүлгөн иш-чарада көңүл ачуучу жайлар аныкталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан кылмуштуулук жана тартип бузууларды алдын алуу жана мыйзамсыз иш аракеттерди аныктоо жана аларга бөгөт коюу иштери тынымсыз жүргүзүлүп келет. Анын негизинде Чүй ОИИББнын жана Токмок ШИИБдүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 8-февраль күнү буга чейин козголгон кылмыш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдырынын натыйжасында Токмок шаарындагы бир нече сауналарды көңүл ачуу жайга айландырып алгандар аныкталган. Сауналардын бирине …

Read More »