ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин жолугушуусу Ысык-Ата районунда болуп өттү

Бүгүн, 2022-жылдын 24-февраль күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүндө Кыргыз Респрубликасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда ИИОнун ишмердүүлүгү боюнча талкуулар жүрдү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана мүчөлөрү, Чүй ОИИББнын башчысынын орун бьасары милициянын полковниги Абдуразаков Руфат Абдурашитович жана Ысык-Ата РИИБдүн жетекчилиги катышты. Кеңешмени коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутов ачып, жыйындын регламенти менен …

Read More »

Кемин районунда мүрзөдөгү темир тосмолорду уурдоого шектүү кармалды

  Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду белгисиз бирөөлөр сындырып жатышканын кабарлаганган. Андай окуя Кемин районунда да болгону маалым болгон. Ал факты боюнча Кемин РИИБдүн кызматкерлери окуя болгон жерге чыгышып, 2022-жылдын 10-февраль күнү ал бирдиктүү реестрге катталган. Териштирүү учурунда жогорудагы мүрзөдөн белгисиз бирөөлөр темир тосмолорду уурдап жүрүшкөнү аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары …

Read More »

Аламүдүн районунда аккумулятор уурдоого шектүү кармалды

  2022-жылдын 21-февраль күнү Аламүдүн РИИБүнө 1970-жылы туулган М.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан 18-февралына караган түнү  “MAN” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автотранспортунун 2 даана аккумуляторун белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө …

Read More »

Токмок шаарында алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Токмок шаарында коомдук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ошондой эле кылмыштуулуктардын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар тынымсыз өткөрүлүп келет. Бул жолу Токмок шаардык ИИБдүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен жолгушууларды өткөрүшүп, аткарылган жумуштар тууралуу маалыматтар берилди. Иш-чарага Токмок шаардык мэриясынын, билим берүү бөлүмүнүн, социалдык өнүктүрүү кызматынын кызматкерлери жана квартал башчылары катышышты. Жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн маселелерге жеринде жооптор берилип, башка дагы …

Read More »

Чүй облусунун ИИББда ИИМдин коллегиясынын жыйынтыгы боюнча каралган талаптарды өздук курамга жеткирүү үчүн кеңешмө болуп өттү

  2022-жылдын 21-февраль күнү Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын жыйынтыгы менен ИИОнун кызматкерлерине коюлган талаптарды өздук курамга жеткирүү үчүн жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратынын кызматтарынын жана райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрдүн башчылары катышышты. Жыйында Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги тарабынан ИИМдин коллегиясында көтөрүлгөн маселелер жеткирилип, ошондой эле кемчиликтердин үстүнөн иштөө боюнча тапшырмалар талкууланды. …

Read More »

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелген 6 жаран кармалды

Аламүдүн районунун ИИБне 24 жаштагы жаран  С.Т арыз менен кайрылып, ушул жылдын 15-февралына караган түнү жаңы конуштардын көчөлөрүнүн биринде ага карата күч колдонуп,  “Редми” үлгүсүндөгү телефонун тартып алып белгисиз тарапка качып кеткен адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Ушундай эле арыз менен райондук ички иштер бөлүмүнө ошол айылдын дагы бир тургуну 18 жаштагы А.К. кайрылып, ал дагы ушундай жагдайда телефонун белгисиз …

Read More »

Чүй облусунда өткөрүлгөн «Лидер» алдын алуу рейдинин жыйынтыгы чыкты

Жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында өткөрүлгөн бул иш-чара  2022-жылдын 9-11-февраль күндөрү болуп өттү. Иш-чара жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууга жана жол бербөөгө багытталган. Рейдге Чүй облусунун 340тан ашык милиция кызматкерлери, ошондой эле билим берүү мекемелеринен, балдар менен иштер боюнча комиссиясынын, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо өкүлдөрү жана башкалар катышты. Рейддин жүрүшүндө …

Read More »

Аламүдүн районунда тоноочулук фактысына шектүүлөр кармалышты

  2022-жылдын 8-февраль күнүАламүдүн РИИБүнө  бир нече  жигит жана кыздар арыз менен кайрылышыкан. Анда 8-февралга караган түнү болжол менен саат 02:30 чамаларында Таштар-Ата айылындагы панорамадан1998-жылы туулган Т.А. жана 1990-жылы туулган О.Т. аттуу балдарды эбейтааныш эркек балдар эч себепсиз урушуп, алардын бири эки кыздын чачынан чоюп коркутуп, алардын эки телефонун жана 10 миң сом акчасын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин …

Read More »

Аламүдүн районунда аккумулятор уурдоого шектүүлөр кармалышты

Аламүдүн районунун ИИБүнө Бишкек шаарынын 39 жаштагы жашоочусу Ш.Б. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 29-январында болжол менен саат 00:00 дөн 09:00 гө чейин убакыт аралагында Аламүдүн айылындагы көчөлөрдүн биринен анын “ДАФ ФТ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоуунасынын 2 даана аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты Аламүдүн РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко …

Read More »

Сокулук районунда “Камкордук” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

  Сокулук  районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасындага тартип бузууларды, зордук-зомбулуктарды болтурбоо  ошондой эле кылмыштуулуктарды алдын алуу максатында “Камкордук” аталышындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Ага Сокулук РИИБдүн  аймактык тескөөчүлөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору , билим берүү бөлүмү, социалдык өнүктүрүү кызматынан  ошондой эле Сокулук жана Крупская айыл аймагынын  өкүлдөрүнүн катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 9-10-февраль күндөрү өткөрүлдү. Иш-чарада түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштосу жок  …

Read More »