Чүй облусунун аймагында коронавирус инфекцисын алдын алуу иштерин ички иштер органдарынын кызматкерлери тынымсыз жүргүзүп келе жатышканы белгилүү. Мындай иш-чаралар облустун баардык райондорунда милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан биргеликте ишке ашырылууда. Иш-чаралардын максаты жугуштуу илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу болгондуктан, мындай аракеттеркүн сайын жер-жерлерде улантылууда. Кызматкерлердин аткарган жумуштарына көмөк көргөзүү максатында 2020-жылдын 24-ноябрь күнү “Алтынкен” ЖЧКнын өкүлдөрү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жардам ирээтинде медициналык бет кап, кол кап, дезинфециялоочу каражат жана күйүүчү майларды тапшырышты.