Ысык-Ата РИИБдин жетекчилиги Жайылма айыл аймагынын тургундар менен жолугушту

 

2024-жылдын 24-апрелинде Ысык-Ата РИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги Б.Саякбаев, аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте милициянын кѳчмѳ кабылдамасы менен Жайылма айыл аймагын кыдырышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды жүргүзүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле бул жолугушууда милиция кызматкерлери айыл тургундарынын кайрылууларын кабыл алышып, айрым кайрылууларга жеринде жардам көрсөтүштү.

 

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *