ИИМ: Кызматтык милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтери үчүн жетекчилерге тартип жазалары берилди

2024-жылдын 26-апрелинде ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өттү. Ал эми калган ИИОнун жерлердеги жетекчи курамдагы кызматкерлери онлайн форматында катышышты.
Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн биринчи чейректин жыйынтыгы менен ички иштер органдарынын 87 жетекчиси тартип жазасына кириптер болду, алардын ичинен бирөөсү ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Бир топ жетекчи кызматкерлердин ишмердүүлүгү жарым жылдын жыйынтыгына арналган отурумда каралат. Бүгүнкү коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгын белгиленди.
ИИМдин Басма Сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *