Улан Ниязбеков: “Биздин негизги милдет элге ак кызмат кылуу, өлкөнүн коопсуз өнүгүшүнө салым кошуу”

2024-жылдын 26-апрелинде ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өттү. Ал эми калган ИИОнун жер-жерлердеги жетекчи курамдагы кызматкерлери онлайн форматында катышышты.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков коллегияны жыйынтыктып жатып, бүгүнкү коллегияда каралган маселелердин алкагында белгиленип өткөн кемчиликтерди жоюп, берилген даректүү тапшырмаларды так аткарып, жүктөлгөн ишмердиктин өтөөсүнө чыгасыздар деп баса белгиледи.
“Бардык айтылган көйгөйлөрдү жана мүчүлүштүктөрдү өздүк курамга туура жеткирип, алардын кайталануусун алдын алууну ар бир жетекчиге тапшырам. Улам барган сайын кемчиликтерди тариздеп, аларга токтолбостон, коопсуздуктун өсүп-өнүгүүсүн талкуулаган абалга жетели деген тилегимди билдирем. Ар бириңиздер талыкпаган аракеттердин үстүндө, тынымсыз жана сапаттуу күжүрмөн иш-чараларды жүргүзүп, элдин ишенимин актап, коопсуздуктун жаңы баскычтарына жетиңиздер. Сиздердин алдыңыздарда эки маанилүү принцип дайыма турушу шарт. Биринчиси, элге ак кызмат кылуу болсо, экинчиси өлкөнүн коопсуз өнүгүшүнө салым кошуу.
Мына ушул башкы принциптер аткарылганда гана, калк алдында, мамлекет алдында берген антыңыздарды актаган болосуздар. Келип чыккан ар түрдүү кыйынчылыктарга моюн сунбай, алдыга карай кадам таштап, аруу максаттарга жетүүгө умтулууну буйрук кылам”,- деди Улан Ниязбеков.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *