2021-жылдын 13-январь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук билим берүү бөлүмү ошондой эле үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмдөрү менен биргеликте алдын алуу иш-чарасын өткөрүштү.
Иш-чаранын максаты темир жолдон өтүүнүн эрежелери тууралуу болду. Чүй районундагы билим берүү мекемелеринде 17 лекция окулуп, анда темир жолдор оюн ойночу жай эмес, ал жер кооптуу аймак болуп саналгандыктан ар бир өспүрүм муну билүүсү зарыл экендиги айтылды. Андан сырткары рейд иш-чарасынын катышуучулары темир жолдорду кесип өтүүчү жөө өтмөктөрдү кыдырышып, ал жерлерден өткөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошол эле күнү 2 аз камсыз болгон үй-бүлө жана буга чейин каттоода турган 7 өспүрүмдөр менен жолугушуу болуп, алардын ата-энелери жана өспүрүмдөр менен алдын алуу багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.