Аламүдүн районунда бирөөнүн короосуна маскачан кирген балдар кармалды

 

2018-жылдын 19-май күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Восток айылынын 21 жаштагы жашоочусу А.А. арыз менен кайрылып, 19-майда түнкүсүн саат 00:30 чамасында анын дарбазасын белгисиз адамдар каккылашып, арыздануучу дарбазаны ачкан учурда бейтааныш болжол менен 20-25 жаш курактагы бет капчан 5-6 бала аны кармап калышкан. Арыз ээси алыша кетип, алардын биринин колунда бычак жана дубинканы көрүп качып кетип, короосундагы итин кое берүүгө үлгүргөнүн билдирген. Бейтааныш балдар ошол жерден из жашырып кетишкен.

Ошол эле күнү Восток айылынын 34 жаштагы жашоочусу Г.Р. Аламүдүн районунун ИИБнө арыз менен кайрылып, 19-май күнү болжол менен саат 00:45 чамасында короосунда ызы-чуу үндөрдү угуп сыртка чыккан учурда, короосунда бет капчан бейтааныш балдарды көрүп, кармоого аракет кылып алар менен кармаша кетишип, үй ээси кувалды менен балдардын бирин уруп ал жыгылган маалда кийинкисин кууп жөнөгөндө жыгылган бала да туруп качып кеткенин билдирген.

Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектүү делип, Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн 20 жаштагы М.А. жана 21 жаштагы А.У., Бишкек шаарынын 22 жаштагы жашоочусу У.Э., Баткен облусунда туулуп өскөн 17 жаштагы М.Б., жана Жалал-Абад облусунда туулуп өсөн 24 жаштагы А.С. аттуу жарандар кармалышкан.

Териштирүү учурунда кармалган балдар Аламүдүн районунун Восток айылынын 21 жаштагы жашоочусу А.А. менен болгон түшүнбөстүктөрдү чечишүү үчүн келишип, А.А. каршылык көргөзүп итин кое бергендиктен, коңшу жашаган адамдын короосуна кире качышканын билдирген.

Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-бернеси (Каракчылык) жана 234-беренеси хулиганчылык боюнча кылмыш иши козголуп, үч жаран үй камагына алынып ал эми эки жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган.

Тергөө учурунда кылмышка шектүү эки жаран буга чейин Аламүдүн районунун аймагында бир нече уурулукка шектүү экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *