Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Константиновка айылынын 43 жаштагы жашоочусу Т.Р. арыз менен кайрылып, 2018-жылдын 22-апрель күнү эки европа улутундагы балдар эч себепсиз Константиновка айылынан арыз ээсин ур-токмокко алышып, денесине жаракат келтиришип окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдириген.
Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Хулиганчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Чүй облусунун жашоочулары 21 жаштагы П.А. жана 22 жаштагы Ю.Э. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.