Жайыл районунда бейбаштык фактысына шектелген жаран кармалды

2018-жылдын 9-февраль күнү Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүгүнө октон жаракат алып, болжол менен 30-35 жаштардагы азиат улутундагы жаран аймактык ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул окуя боюнча Жайыл РИИБнин ыкчам-тергөө тобу ооруканага келишип, жабырлануучунун өздүгүн такташкан. Ал Кара-Балта шаарынын 30 жаштагы Н.Т. аттуу жашоочусу болуп чыккан.

Териштирүү учурунда, 9-февраль күнү болжол менен саат 14:25 чамасында азият улутундагы жаран травматикалык тапанчасы менен жабырлануучунун баш тарабына атып, болжол менен ак түстөгү “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаага отуруп, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткендиги аныкталган.

Бул окуя боюнча Жайыл РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Жайыл райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин негизинде, жогорудагы кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Панфилов районунун 25 жаштагы Т.Т. аттуу жашоочусу кармалып, жанынан мыйзамсыз сакталаган травматикалык тапанча алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Ошондой эле, тергөө учурунда Кара-Балта шаарында жабырлануучу жана кылмышка шектүү жаран автоунаалары менен жол талашышып, эки айдоочу уруша кетишкен. Жыйынтыгында травматикалык тапанча менен жабырлануучу тарапка ок чыгарганы маалым болгон.

Кармалган жаран Жайыл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *