Сокулук районунда унаа уурдоого шектүү жаран кармалды

 

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Сокулук айылынын 27 жаштагы жашоочусу К.В. арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын көчөөдө токтоп турган «Субару-Легаси» үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында изи сууй электе бул кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 36 жаштагы жашоочусу А.И. кармалып, ага карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алнган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *