Токмок шаарында кишинин денесине оор залал келтирүүгө шектүү жарандар кармалды

2019-жылдын 29-апрель күнү болжол менен саат 07:00 чамасында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, болжол менен 40-45 жаш курактагы эркек кишинин киши колдуу болгон жансыз денеси ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Токмок шаарынын ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Каза болгон кишинин өздүгү кызматкерлер тарабынан такталып, ал 61 жаштагы Г.Ф. аттуу жаран экендиги аныкталган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Денеге атайылап оор залал келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында бул кылмышка шектүү делип 28 жаштагы С.Ф жана 26 жаштагы З.У. аттуу жергиликтүү жашоочулар кармалышып, Токмок шаарынын ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Алдын ала маалымат боюнча жогорудагы окуя, спирт ичимдигин ичип алып өз ара уруша кетишкендиктен улам болгону маалым болгон. Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *