Токмок шаарында мурда соттолгон жаран велосипед уурдоого шектелүүдө

 

2018-жылдын 18-май күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 55 жаштагы жашоочу Л.Ф. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жалдын 15-май күнү саат болжол менен 14:00 чамасында анын үйүндө турган “Урал” үлгүсүндөгү велосипедин белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Токмок шаарынын ИИБнүн тергөө кызматы  тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектелип Токмок шаарынын 44 жаштагы тургуну А.А. кармалып, текшерүү учурунда ал мурда сот жообуна тартылгандыгы маалым болгон. Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *