Токмок шаарында уурдоого шектүү жаран кармалды

 

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө Мээнткеч айылынын тургуну А.К., арыз менен кайрылып, ал арызында 2017-жылдын август айларында белгизис адамдар анын жер тилкесинен курулуш мамтериалын уурдап кеткендигин билдирген. Бул окуя боюнча Токмок шаарынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип, 29 жаштагы жергиликтүү жашоочу Б.Д. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *