Уруулук фактысына шектүү жаран кармалды

Буга чейин Токмок шаарынын ИИБнө 52 жаштагы Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында белгисиз жагдайда сумкасынан уюлдук телефонун уурдатып алгандыгын билдирген, жана андан тышкары Токмок шаарынын тургуну Д.К.аттуу жаран дагы арызы менен кайрылган, ал токтоп турган “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасынын салонунан уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирип, аларга мыйзам түрүндө чара көрүүнү суранган.
Бул фактылар Токмок шаарынын ИИБнүн КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Токмок ШИИБнүн кызматкерлери тарабынан, аталган кылмыштарга тиешеси бар деп, 32 жаштагы Ч.А. деген аттуу жаранды кармашкан, ал Чүй облусунун тургуну болуп чыкты.
Кармалган адам Токмок ШИИБнө жеткирилип, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Чүй облусунун ИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *