Чүйдө мал уурулукка шектелген топ кармалды

2020-жылдын 1-декабрында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун 61 жаштагы Б.К. арыз менен кайрылган.  Ал 2020-жылдын 29-октябрынан 30-октябрына караган түнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда айылдарынын биринен ар кандай түстөгү 48 баш кой уурдалганын жана аны уурдаган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган  факт Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмүнүн КЖБР катталып,  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо)  менен  сотко чейин өндүрүш башталган.

Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын жана Ысык-Ата районунун кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдү издөө боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Ыкчам кызматкерлер жакынкы аймактарды териштирип, күбөлөр менен сурамжылоо жүргүзүшүп, “Коопсуз шаар” долбоорунун коопсуздук камераларын колдонуп, уурдалган мал ташылган унаанын үлгүсүн аныктап, андан кийин кылмыш жасаган шектүүлөрдү аныкташып. Алар 24 жаштагы М.Р., 18 жаштагы Ч.А. жана М.З. Ысык-Ата РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө уурдалган малды сатып алган адамдын өзүдүгү такталып, ал К.Э. аттуу   жаран экиндиги белгилүү болуп, тергөө учурунда өз ыктыяры менен жабырлануучу Б.К.га 15 баш койду кайтарып  берген.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренеси негизинде 2 шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан тышкары, жогоруда аталган адамдардын ушул сыяктуу 7ге жакын мал уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги белгилүү болуп, алар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинкиөндүрүш иши  уланууда.

Чүй облусунун ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *