Чүй облусунда кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди

2019-жылдын 15-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын ички министрлигинин буйругу менен 15-май кызмат өтөө учурунда өз милдетин аткарып жатып каза болгондорду эскерүү күнү деп жыл сайын белгиленип келет. Бул жолу эскерүү иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, өздүк курам, ардагерлер жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындары катышты.

Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө милиция кызматкерлери түрдүү окуяларды баштарынан өткөрүп өз өмүрлөрүн тобокелге салышат. Куралдуу кылмышкерлерди кармоодо  кызматкерлерди жоготкон учурлар да болбой койбойт.

Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Курманкулов Самат Ажыгулович сөз сүйлөп,  “Чүй облусу боюнча коомдук тартипти сактоодо, коомдук коопсуздукту камсыздоодо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү учурунда курман болгон 23 кызматкердин аттары “Даңк” мемориалга өчпөс тамгалар менен жазылып калган. Бул кызматкерлер жумуштун кызыкчылыгын өз өмүрлөрүнөн жогору койгон патриот,өз  элин жана мекенин сүйгөн кызматкерлер катары дайыма эскерилип турат” деди С.Курманкулов.

Иш-чаранын соңунда милдетин аткарып жатып каза тапкан кызматкерлердин эстелигине гүл коюлуп, бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланып, куран окулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *