Чүй облусунун ИИББы жаш өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды жана терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында профилактикалык иш чараларды жүргүзүүдө

Чүй облусунун ИИББы жаш өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралар байма-бай өткөрүлгөнү менен кримогендик абал өзгөчө жаш өспүрүмдөр арасында кооптонуу жаратып келээрин билдирет. Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-сентябрь күнү чыккан №185 сандуу “Жаш өспүрүмдөрдүн, психикасына, интелликтуалдык, нравалык, физикалык өнүгүүсүнө жана алардын саламаттыгына залал келтирүүнү алдын алуу боюнча” мыйзамынын негизинде жана Чүй облусунда өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында ыкчам профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт.
Аталган иш-чарада кафе-барлар, түнкү клубдар, компьютердик клубдар жана көңүл ачуу жайларында текшерүүлөр жүргүзүлөт. 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн ата-энесинин жана жакындарынын коштосу жок түнкүсүн коомдук жайларда жүрүсүнө мыйзам тарабынан тыюу салынган.
Урматтуу ата-энелер, 2015-жылдын 21-сентябрында кабыл алынган №185 мыйзам боюнча түнкүсүн ата-энесинин же жакындарынын коштоосу боюнча жүрүүнүн убактысы, жайкы мезгилде (1-июндан 31-августка чейин) түнкүсүн 23:00 дөн 06:00 гө чейин ал эми калган мезгилде 22:00 дөн 06:00 гө чейин. Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар бузулса төмөндөгү беренелер боюнча жоопко тартылат.
Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 65-1-беренеси боюнча “Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу жана алардын өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата талаптарды сактабоо” мыйзамдары менен белгиленген талаптарды сактабоо, жарандарга – эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн бешке чейинки, кызмат адамдарына – бештен онго чейинки, юридикалык жактарга – жүздөн жүз элүүгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
Ошол эле кодекстин 85-1-беренеси боюнча “Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу” жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамдардын бузулушу, жарандарга – беш, кызмат адамдарына – ондон жыйырмага чейин, юридикалык кактарга – жүздөн беш жүзгө чейин эсептешүү көрсөткүчтөрүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ошондой эле 92-1- берене “Жашы жете электерге алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди сатуу” он сегиз жашка чыга элек адамдарга алкоголдук продукцияларды, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди сатуу сатуу, жарандарга – эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына – эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга – эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн ИИОнун кызматкерлери жергиликтүү өзүнөзү башкаруу органдары, билим берүү мекемелери жана ата-энелердин жардамы менен биргеликте тыгыз иш алып баруунун натыйжасында өспүрүмдөрдү терс жолдорго баруусун алдын алууга мүмкүн.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *