Чүй ОИИББгы билдирет:

“Facebook”  социалдык тармагынын колдонуучусу  өзүнүн жеке баракчасына маалымат жазып чыккан, анын айтуусунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБнө Аламүдүн, Кой-Таш жана башка айылынын Чүй облусунун жергиликтүү тургундарын массалык түрдө алып келип, үстүбүздөгү жылдын 2-мартында боло турган митингге чыкпагыла деп суранып жаткандарын билдирген.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы маалымдайт, жогорудагы айтылган маалымат туура эмес, себеби азыркы учурда Аламүдүн ИИБү гана эмес, ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча ири масштабдуу ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул иш-чаранын максаты, көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда укуктук тартибин жана мыйзамдуулукту, кылмыш иштерин жасап качып кеткен адамдарды кармоо, уурдалган буюмдарды табуу, жана башка кылмыштарды ачуу, ИИБгү каттоодо турган адамдар менен алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИБнө чакырылып, алдын алуу  жана түшүндүрүү  жүргүзүлүп жатат. Чүй ОИИББи ыкчам алдын алуу иш-чараларына жарандар түшүнүү менен кабыл алууну суранат жана биздин иш-аракеттер жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталгандыгын айтып кетмекчибиз.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *