Чүй ОИИББы: оорукта эмгектенген ардагерди куттуктады

2019-жылдын 8-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана Чүй облусунун ИИББнын ардагерлер кеңеши Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде оорукта эмгектенген Чоюнбек Сагынбаевди куттукташты. Ал ички иштер органдарында кызмат өтөп милициянын ардактуу эс алуудагы полковниги.

Чүй облусунун ИИББнын жетекчисинин жана жалпы облустук ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан куттуктоо каты жана белектер ардагерге тапшырылды. Жолугушууда Чоюнбек аксакал куттуктап баргандарга ыраазычылыгын билдирип, бала кезинен башынан өткөргөн оор тагдырларды айтып отурду. Чоюнбек Сагынбаев 1935-жылдын 20-июнунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылында туулган. Согуштун катаал мезгилинде оор турмушту башынан өткөрүп, бала кезинде бардык жумуштарга чыйралган Чоюнбек Сагынбев ички иштер органдарына жумушка кирип 30 жылдан ашык эмгектенип, милициянын катардагы кызматынан жетекчилик кызматка чейин өзүнүн ак эмгеги менен жеткен адамдардан болгон. Милициянын кылмыш иликтөө кызматында эмгектенип, түрдүү окуяларды башынан өткөрүп, эстен кеткис учурларын эскерип, 2018-жылы кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл толгон майрамына карата анын калеминен  “Тревога в сердце” аттуу китеби жарык көргөн. Китепте түйшүктүү жана өмүргө кооптуу кызмат учурундагы кылмыштуулук менен күрөш, коомдун жана жарандардын коопсуздугу үчүн күнү-түнү кызматта болгон учурлар жазылган. Мындай ардагерлерди куттуктоо иш-чаралар Чүй облусунун ар бир райондук жана шаардык ички иштер органдарында да жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *