Чүй ОИИББы: Сууга түшүүдө балдардын коопсуздугуна кам көрүүгө кеңеш берет

Жайдын келиши менен жайкы эс алуу маалында таза абада эс алуу жана шаарга жакын жайгашкан көлмөлөргө түшүү үчүн чогулгандардын саны арбын болоору талашсыз. Ушул мезгилде сууга чөгүп, сууга секирип кирген боюнча чыга албай калган окуялар көп катталып, алардын басымдуу бөлүгү жаш өспүрүмдөр болгону өкүнүчтүү. Сууга түшүүдө ал тургай үйдөгү бассейиндерге да суу толтуруп жатканда бөбөктөрдүн коопсуздугун эске алуу көп кырсыктарды алдын алат. Жыл сайын Чүй облусу боюнча милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан сууга түшүүдө кырсыктарды алдын алууга багытталган рейд иш-чаралары байма-бай өткөрүлүп, эс алуучу жайдын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Андыктан жай мезгилинин алдында, Чүй облусунун ИИББы сууга түшүүдө жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн жөнөкөй эрежелерге көңүл бурууга чыкырат.

-Эч качан 5 жашка чейинки бөбөктөрдү көлмөгө же бассейинге жалгыз таштабоо зарыл. Балдардын аз көлөмдөгү сууга да чөгүп кетүү коркунучу бар. -Балдарды суу топтолгон жерлерге, көлмөлөргө ошондой эле сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде сууга түшүүсүнө жол бербегиле;

-Бөбөктөр аз убакыттын ичинде сууга чөгүп кетүүсү мүмкүн, аларды жалгыз таштап башка жумуштар менен алектенбегиле. Эгерде балдар менен эс алууда же сууга түшүп жаткан болсоңуздар аларды эч качан кароосуз калтырбаңыздар. Бөбөктөр арасындагы кырсыктарды алдын алууга ата-энелер сиздердин аткарган ролуңуздар жогору.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *