Ысык-Ата районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 29-май күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Кант шаарындагы үйлөрдүн биринде катуу кыйкырык үндөр чыгып, ызы-чуу болуп жаткандыгы туурлуу жарандардан маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке Ысык-Ата районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, үйдүн ичинен болжол менен 25-30 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Кароо жүргүзүү учурунда денесинде жаракаттар аныкталып, ал киши колдуу болуп өлгөнү маалым болгон.

Териштирүү учурунда, окуя болгон үйдө 28 жаштагы М.Е аттуу аял жарандык никедеги жолдошу 30 жаштагы Д.Л. экөө жашап жүрүшкөн. Ошол күнү түнкү саат болжол менен 22:30 чамасында алардын үйүнө 30 жаштагы К.Е. аттуу досу келип, чогу отурушуп, спирт ичимдигин ичишкен. Мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, үй ээси конокко келген досун бычак менен бир нече жолу сайып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Бул окуя Ысык-Ата районунун ИИБнө катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Ысык-Ата районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан изи сууй электе жогорудагы кылмышка шектелип, 30 жаштагы Д.Л. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *