Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды кармашты

2017-жылдын 25-декабрь күнү Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Ново-Покровка айылынын 42 жаштагы Т.Т. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып,  2017-жылдын 24-декабрь күнү белгисиз адамдар жабырлануучунун үйүнө терезе аркылуу киришип, түстүү сыналгысын жана видео-камерасын уурдап кетишкенин билдирген.

Белгисиз адамдардын мыйзамсыз иш-аркеттеринин кесепетинен арыздануучуга 35 000 сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Бул окуя боюнча Ысык-Ата РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында  жогорудагы кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 36 жаштагы А.Б. аттуу жашоочусу кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү мындан сырткары ушул сыяктуу башка дагы 2 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Азыркы учурда шектүүгө карата камакка алуу чарасы көрүлүп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *