Чүй ОИИББы: Сокулук районундагы окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, мушташтын катышуучулары такталууда

Сокулук районундагы жаш балдар арасындагы мушташ боюнча чогултулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында мушташка катышкандардын өздүктөрү аныкталган. Андан сырткары териштирүү иштеринин жүрүшүндө мушташ Сокулук районунун Орок жана Джал айылындагы кыргыз улутундагы жаш балдардын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыккандыгы такталган. Белгилеп кетүүчү жагдай, мушташка эч кандай башка окуялардын жана эки улуттун жаштарынын катыштыгы жок.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан белгисиз ок атуучу куралдан эки кишиге ок чыгарган жаранды кармоо үчүн тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *