Улан Ниязбеков: “Биздин окуу жайларда окуп жаткандардын дүйнө таанымы бийик болуп, окуу процесстеринин жүрүшүндө кесиптик деңгээли бекемделип, калыптанышы керек”

2024-жылдын 26-апрелинде ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өттү. Ал эми калган ИИОнун жер-жерлердеги жетекчи курамдагы кызматкерлери онлайн форматында катышышты.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков кадрларды даярдоо маселесине да кеңири токтолуп, төмөндөгүлөрдү белгилед.
“Ички иштер органдарынын өзөгүн түзгөн бөлүктөрүнүн бири Ички иштер министрлигинин Академиясы жана Республикалык окуу борбору болуп эсептелет. Бул окуу жайлардан өз ишин мыкты билген, эли-жери үчүн өз жанын аябаган жогорку сапатта дасыккан адамгерчиликтүү кадрлар даярдалып чыкса, кыргыз милициясынын келечекте орду жогору болот. Эгерде начар билим алган кадрлар даярдалып чыкса, анда милиция өз милдетин аткарууга чамасы жетпей калышы мүмкүн. Кадрларды даярдап чыгаруу, орун алып жаткан илимий жетишкендиктер жана күжүрмөн аракеттер боюнча жогоруда аталган окуу жайлардын жетекчилери натыйжалуу иш алып барыңыздар. Азыркы мезгилде, санарип тармагы абдан өнүгүп, башка мамлекеттердин күч түзүмдөрүнүн билим берүү системасы да өзгөрдү десек болот. Бул маанилүү жагдайды эске алып, биздин окуу жайлардын программалары заманбап талаптарга шайкеш келиши керек. Курсанттар, угуучулар жана билим деңгээлин жогорулатып жаткан кызматкерлер шаблондуу түрдө билим албашы керек.
Окуу жайларда окуп, дипломго же тастыктамага ээ болгон кызматкерлердин дүйнө тааным көз карашы өзгөрүп, кесиптик деңгээли бекемделип, калыптанышы керек. Мына ошондо гана “окуу жайлар жакшы кадрларды даярдап, чыгарып жатат” деп айта алабыз. Келечектеги ички иштер органдарын окутуп, тарбиялоодо аларды эски ыкма менен үстүртөн окутпастан, азыркы заманбап кылмыштарга туруштук бере ала турган накта кесипкөй адистердин даярдалышына өзгөчө көңүл буруңуздар. Электрондук мейкиндик боюнча түшүнүк эле эмес, бул тармакта ээн-эркин иштей ала турган мыкты кызматкерлер даярдалып чыгышы зарыл”-, деди ички иштер министри Улан Ниязбеков.
Ошондой эле, ИИМ башчысы Ички иштер министрлигинин Академиясынын жана Республикалык окуу жайынын кадрларды даярдоо тутумунун сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *